Эртең Ала-Тоо аянтында концерт өтөт

Эртең, 2-ноябрда, саат 18:00дө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык концерт өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул майрам – өлкөнүн маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган инсандарга арналат.

Кечеде эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өтөт. Алар жагымдуу ырларды аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашат.

Белгилей кетсек, жыл сайын 2-ноябрда Кыргызстандын маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет.

1 Ноябрь 2024 жыл 19:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча