Эртең, 25-октябрда Бишкекте корей кимчи фестивалы өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Кореянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулууда.
Иш-чаранын алкагында коноктор корей тамактарынын даамын татып, салттуу кийимдерди кийип көрүп, корей маданияты жана каада-салттары менен тааныша алышат.
Иш-чара Курманжан датка эстелигинин алдындагы аллеяда саат 10:00дөн 17:00гө чейин өтөт (расмий бөлүгү саат 14:00дөн 15:00гө чейин).
Бишкек мэриясы шаардыктарды дем алыш күндөрдү жаркын жана кубанычтуу өткөрүүгө чакырат.