Эртең Эрнст Акрамовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

Эртең Эрнст Акрамов акыркы сапарга узатылат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 27-ноябрда саат тогузда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында башталат.

Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Окумуштуу-хирург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор Эрнст Акрамов 89 жаш курагында көз жумду.

26 Ноябрь 2024 жыл 18:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча