«Эшикте 21-кылым». Жапаров Бишкектеги жарнама такталарды LED-экрандарга алмаштырууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин LED-экрандарга алмаштырууну тапшырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Шаардын ичиндеги эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерге LED-экрандарга алмаштыргыла. Шаардын ичин ирээтке келтиргиле!

Эски замандан чыккыла! Эшикте 21-кылым», — деп жазды өлкө башчысы.

18 Июнь 2024 жыл 18:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча