Бишкекте бүгүн, 31-мартта саат 20:00дөн тартып 1-апрель саат 12:00гө чейин 7-Апрель көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Шоокум көчөсүнө чейинки аралыгы убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул тилкеде жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу бир нече автобусттук каттамдардын кыймыл-чиймеси да убактылуу өзгөртүлөт.
Мэрия шаар тургундары жана айдоочуларды алдын ала каттамдарды пландап, альтернативдүу жолдорду пайдалануу чакырат.