
Бишкек – Ош унаа жолунда жол эрежесин бузгандар дрон менен аныкталууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан атайын тесттик режиминде жол-унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында дрон менен байкоо жүргүзүп, айдоочулар арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин алып барууда.
«Дрон аркылуу карама-каршы тилкеге чыккандар, алдыдагы авто унаадан ашып өтүү, озуп өтүү өңдүү жол эрежелери аныкталууда», — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.