Эскертүү! Бишкекте 3 автобустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте бүгүндөн тарта 3 автобустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, №102, №145 жана №169 автобустар убактылуу жаңы схема боюнча иштейт.

Өзгөртүүлөр Горький көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу киргизилген.

Бишкек шаарынын мэриясы учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Кыймыл схемаларын шилтемеден тапса болот.

17 Сентябрь 2024 жыл 17:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча