Эскертүү! «Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдү каттоодо убактылуу өзгөртүү киргизди

 «Манас» эл аралык аэропортунда ички каттамдар үчүн жүргүнчүлөрдү каттоо аймагы убактылуу 2-кабатка көчүрүлдү. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Мындай иштер жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, жергиликтүү учуу залынын жана стерилдүү аймактын катталуучу жерин кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу жасалууда.

«Каттоодон 2-кабаттан өткөн соң жүргүнчүлөр 1-кабатка түшүп, текшерүүдөн өтүп, андан соң учакка түшүшөт. Алардын жүктөрү С секторунда (эл аралык авиакомпаниялар үчүн жүктү кабыл алуу залында) берилет», — деп айтылат маалыматта.

13 Май 2024 жыл 13:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча