Эскертүү! Юнусалиев көчөсүнүн Ахунбаев жана Медер көчөлөрү менен кесилиши жабылат

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 12-сентябрда Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишин унаа кыймылы үчүн жаап, 13-сентябрда ачуу пландалууда.

Ал эми 13-сентябрда Юнусалиев-Медеров көчөлөрүнүн кесилиши жабылып, 14-сентябрдан тарта ачылат.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылат.

11 Сентябрь 2024 жыл 17:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча