Эттин баасы 680 сомдон ашпашы керек. Бишкектин базарларында рейд жүрүүдө

Бишкек шаарында калкка зарыл болгон азык-түлүк товарларына, анын ичинде уй жана кой этине болгон бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Экономика жана коммерция министрлигинин 7-августагы буйругуна ылайык, сөөктүү уй жана кой этине (сөөксүз эттен тышкары) карата убактылуу мамлекеттик баа жөнгө салууну камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатат.

Бул багытта Свердлов, Биринчи май, Ленин жана Октябрь райондук администрациялары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Ветеринардык кызматтын, салык органдарынын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте базарларда жана соода түйүндөрүндө үзгүлтүксүз рейддик жана көзөмөлдөө текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Алар “Ош» базары, “Орто-Сай”, “Аламүдүн”, “Дордой”, “Азиз” базарларында, ошондой эле “Глобус”, “Азия”,соода түйүндөрүндө жана башка соода объекттеринде өткөрүлүүдө.

Көзөмөлдөөнүн жүрүшүндө ишкерлерге жана сатуучуларга эт азыктарынын баасын негизсиз көтөрүүгө жол берилбестиги, ошондой эле белгиленген бааларды так сактоо талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө уй жана кой этинин баасы бир килограммы үчүн 680 сомдон жогору болбошу керектигине көңүл бурулууда.

Ошондой эле калк үчүн кыйындык жаратпаган баада, эт сатуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Анын алкагында ортомчусуз соода жүргүзүү үчүн атайын соода орундарын уюштуруу жана кошумча сатуу түйүндөрүн ачуу каралууда.

Белгилей кетсек, Ош базарындагы эт саткан бардык соода түйүндөрү “Алтын-Така” мал базарына көчүрүлгөн. Жаңы ачылган «Чүйгүн» эт павильону райондун тургундарын этти дүңүнөн да, чекене да сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууда.

Учурда эт азыктарынын дүң баалары:

  • кой эти — 640–680 сом,
  • уй эти — 640–680 сом,
  • жылкы эти — 540–560 сом,

Маалымат үчүн: 2026-жылдын 14-январынан тартып «Ош» базарында эт продукциясын дүңүнөн сатуу токтотулган. Ушуга байланыштуу “Алтын-Така” мал базарынын аймагында санитардык жана ветеринардык талаптарга толук жооп берген “Чүйгүн” аттуу жаңы эт павильону ишке киргизилди. Учурда этти дүңүнөн сатуу ушул павильондо жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, ошол эле аймакта жайгашкан “Таза адал эт” чекене павильонунда жарандар сапаттуу жана коопсуз эт азыктарын чекене баада сатып ала алышат.

16 Январь 2026 жыл 15:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча