Европага бал экспорттоонун жол картасы талкууланды

Кыргызстан Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө кыргыз балын экспорттоого расмий түрдө укук алган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ага байланыштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотобалдиев баштаган адистер республикадагы бардык бал өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрдү.

Анда мындан ары экспорт боюнча жол картасын иштеп чыгуу, Европа рыногунда кыргыз балынын потенциалын жогорулатуу жана сапаттуу продукция өндүрүү боюнча маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, Европа комиссиясы кыргыз балын экспорттоого уруксат берип, аны Европа биримдигинин аймагына импортту жөнгө салуучу техникалык регламент тизмесине киргизген.

«Бул чечим ата мекендик балчылар жана бал өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат: экспорттун көлөмү көбөйүп, кыргыз продукциясынын эл аралык рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт. Ошондой эле жаңы рынокторго чыгууга шарт түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

5 Февраль 2026 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча