ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 6 тепкич артка кетти

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде алты тепкичке артка кетип, 104-орунду ээледи. Буга чейин “акшумкарлар” ФИФАнын соңку рейтингинде 98-орунда болчу.

15-февралда жарыяланган рейтингдин көч башында Аргентине, Франция жана Англия турат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандын курамасы эки тепкич өйдө көтөрүлүп 66-орунга, Тажикстан позициясын жети баскычка жакшыртып 99-орунга илинди. Казакстан 100-орунга жазылып, буга чейинки көрсөткүчүн сактап калды.

Кыргызстандын курамасынын рейтингде ээлеген ордунан төмөн түшүшүнө Катарда өткөн Азия кубогундагы ийгиликсиз оюну негиз болду. Футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогунда тайпадан чыкпай калган. “Акшумкарлар” тайпалык баскычта алгач Тайландга 2:0, Сауд Арабиясына да ушундай эле эсеп менен жеңилген. F тайпасындагы акыркы оюнунда Оман менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгып, үч беттеште бир гана гол киргизген.

16 Февраль 2024 жыл 9:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча