Футболчу Мирбек Ахматалиев абактан бошотулду

Футболчу Мирбек Ахматалиев УКМКнын тергөө абагынан бошотулду
УКМКнын тергөө абагына камакка алынган «Мурас Юнайтед» футбол клубунун мурдагы оюнчусу Мирбек Ахматалиев камактан бошотулду.

Белгилүү болгондой, быйыл 15-августта «Мурас Юнайтед» Бишкекте машыгуу өткөрүп жатканда клубдагы эки оюнчунун ортосунда мушташ чыгып, Мирбек Ахматалиев командалашын — чет элдик оюнчу Евгений Терзини уруп, анын жаагы сынган.

Бул окуядан кийин Мирбек Ахматалиев 5 жылга футболдон четтилген. Ошондой эле машыктыруучулар штабы менен клубдун спорт директору кызматтан алынган.

Аны менен бирге Ахматалиевге «ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 22-августта ал УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча сот тарабынан УКМКнын тергөө абагына бир айга камакка алынган.

Биринчи май райондук соту билдиргендей, 3-сентябрда Ахматалиевдин бөгөт чарасы өзгөртүлгөн. УКМКнын тергөөчү келтирген өтүнүч боюнча ал тилкат менен бошотулган.

2 Октябрь 2024 жыл 17:56

Тема боюнча