Илич Марсбек уулу айыл чарба министринин биринчи орун басары болду

Илич Марсбек уулу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн Илич Марсбек уулу министрликтин эмгек жамаатына тааныштырылды.

Илич Марсбек уулу 1983-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылында төрөлгөн. Жогорку билимди Түркиянын Измир шаарындагы университетте алып, экономика багыты боюнча магистр даражасына ээ болгон. Ошондой эле мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча эл аралык программаны аяктаган.

Эмгек жолун жеке сектордо баштап, кийин Нарын облустук мамлекеттик администрациясында, өкмөттүн аппаратында, ошондой эле Айыл чарба министрлигинде ар кандай жооптуу кызматтарды аркалаган. 2019–2021-жылдары Өсүмдүктөрдү карантиндөө департаментин жетектеп, министрдин орун басары кызматын да ээлеген. Соңку мезгилде «Бай Дыйкан» компаниясында жетекчилик кызматта иштеп келген.

30 Март 2026 жыл 17:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча