Имамидин Ташовго издөө жарыяланды

«KG Групп» курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында билдирди.

УКМК төрагасы Ташов боюнча депутаттын суроосуна жооп берип жатып, анын «Мени уурдап, белгисиз жайда кармашты. Сол чөнтөккө 100 млн талап кылышты» деп жарыялаган билдирүүсүнүн видеосу тууралуу президенттен уккандыгын айтты.

«Мага түнкү саат 1,5-2лерде президент чалып, Ташовдун видеосу тууралуу айтты. Маалыматты издеп тапсам, «KG Групп» курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташов экен. Ал 52 млн сом «кассага» төлөтүштү, анан 100 млн сом сол чөнтөккө төлөйсүң деп талап кылышты» дептир», — деди УКМК төрагасы.

Ташиев соттун уруксаты менен Ташовдун убактылуу кармоочу жайында отурган кездеги башкалар менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн баары жаздырып алынгандыгын билдирди.

«Анын ачык видеодо сүйлөшкөндүгү жаздырып алынган. Мага бир үйдүн жашоочулары кайрылып, Ташовго карата чара көрүп берүүнү өтүнүшкөн. Аны чакырып, сүйлөшкөндө жашоочулар айткандары анык болуп чыкты. Биз аны камаганбыз. Ал бизге эмес, Бишкек шаарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 52 млн сом төккөн. Эми 100 млн сом боюнча айта кетейин. УКМК кызматкерлери менден ушунча акча каражатын сурады деп жатат. Биз анын СИЗОдо отуруп алып Тилекмат Куренов менен сүйлөшүүсүн жаздырып алганбыз. Анда алар мамлекетик төңкөрүш тууралуу сүйлөшүп жатышат. Бир нече күн сүйлөшүштү, биз ага карабастан келтирген зыянды толук толтуруп бергени үчүн Ташовду СИЗОдон чыгардык», — деп баса белгиледи Камчыбек Ташиев.

УКМК төрагасы учурда курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго издөө жарыялангандыгын билдирип, ал учурда башка мамлекетте жүргөндүгүн кошумчалады.

«Биз аны өлкөдө төңкөрүш уюштурууга даярдагандыгы үчүн бүгүн болбосо да, эртең сөзсүз кармап, жоопко тартабыз», — деди Ташиев.

10 Январь 2024 жыл 13:18

Тема боюнча