Индиядагы поезд кырсыгы. Садыр Жапаров Нарендра Модиге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Одиша штатындагы поезддердин кагылышуусунун кайгылуу кесепеттерине байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Индиянын Одиша штатынын Баласор шаарында поезддин кырсыгынан улам адамдар курман болду деген суук кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткан жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

4 Июнь 2023 жыл 11:14

Тема боюнча