Индиялык 2 студент магазинден 15тей кийимди уурдап баратып кармалышкан

Индиялык 2 студент кыз магазинге кирип 15тей кийимдерди примерочнаяга алып кирип курткасынын ичинен кабаттап кийип чыгып кетип жаткан жеринен кармалышкан.

Бул тууралуу магазиндин кызматкери соцтармак ьаракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында кыздарды кармап кийимдердин акчасын төлөтүп кое беришкен.

“Окуудан айдалып кетишет, ишенип окууга жибердик эле кечирип коюнуздар, мусулмандар кечиримдуу болушат, экинчи мындай ишке барбайт» деп туугандары суранышты. Боорубуз ооруп кетти, өздөрү да жаш кыздар экен, туугандары да жалдырашат “ушунча жыл окуган мээнети күйүп кетпесин” деп, товардын акчасын төлөтүп кетирип жибердик»,-деп билдирген ал.

13 Май 2024 жыл 10:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча