Индонезиядагы жанар тоосу атылса, цунами коркунучу бар экени айтылууда

Индонезияда Руанг жанар тоосу «ойгоно» баштады. Бул тууралуу Aljazeera жазды. Маалыматка караганда, 11 миңден ашуун адам эвакуацияланышы керек.

«11 миң 615 адам кооптуу аймакта жашайт, аларды коопсуз аймакка алып кетүү керек»,- деп айтылат маалыматта.

Жанар тоодон түтүн чыгып, учкундары учуп жатканына байланыштуу учактар токтотулду. Ал эми аткаминерлер 1871-жылкы кырсык кайталанышы мүмкүн деп божомолдошот. Себеби ал жылы жанар сууга чейин агып түшүп, цунами болгон.

19 Апрель 2024 жыл 10:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча