Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Иманов Талантбек Орускуловичке эскертүү берилди.
Эскертүү Талантбек Имановго президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, КР Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн берилген.