Ипотекалык батирлердин өздүк наркы айтылды

Жогорку Кенештин жыйынында депутат Нурланбек Азыгалиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрүнөн сатылып жаткан турак жайлардын өздүк наркы канча экенин сурады.

МИКтин жетекчисинин орун басары Нурлан Кудайкуловдун айтымында, турак жайдын бир чарчы метринин өздүк наркы Бишкекте 59 миң 140 сомду, ал эми аймактарда 64 миң 800 сомду түзөт.

Депутат турак жай калкка кандай баада сатылып жатканын тактады.

Кудайкулов сатуу баасы бир чарчы метр үчүн 900 доллардан 1400 долларга чейин өзгөрөрүн айтты. «Подрядчылар менен эсептешүүдө биз объекттин жалпы аянты үчүн төлөйбүз, ал эми калкка жашоо аянты гана сатылат. Алынган пайда кийинки долбоорлорду каржылоого жумшалат», — деп түшүндүрдү ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев турак жайдын калькуляциялык наркы менен сатуу баасын айырмалоо керектигин белгиледи.

«Насыялык каражаттарды тейлөөгө кеткен чыгымдар жана пайданы түзүүчү башка факторлор эске алынат. Башында баа 600-700 долларды түзчү, бирок инфляциядан улам көрсөткүчтөр өзгөрдү. Коммерциялык долбоорлордун эсебинен биз төлөө мөөнөтү узун жана пайыздык чендери рыноктук баадан төмөн болгон социалдык жана жеңилдетилген программаларды субсидиялайбыз. Инфляция 9 пайыздын тегерегинде болуп жаткан учурда, турак жай 4 пайыз менен берилүүдө», — деп кошумчалады ал.

5 Февраль 2026 жыл 14:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча