Ипотекалык үйлөрдүн төмөнкү кабатын социалдык максатта колдонуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев парламенттин жыйынында ипотекалык үйлөрдүн төмөнкү кабаттарын натыйжалуу пайдалануу демилгесин көтөрдү.

Эл өкүлү бул жайларды коммерциялык максатта эмес, социалдык багытта колдонуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, аймактарда билим берүү, маданият жана спорт тармагын өнүктүрүү үчүн имараттар жетишсиз болууда.

“Ошондуктан ипотекалык үйлөрдүн 50–100 чарчы метрге чейинки аянттарын жергиликтүү бийликке өткөрүп берүүнү сунуштайт элем. Бул жайлар андан ары Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги сыяктуу мекемелерге берилип, анда балдар үчүн билим берүү борборлорун, спорттук секцияларды, окуу курстарын жана улуттук оюндар боюнча клубдарды уюштурсак жакшы болмок”, — деди эл өкүлү.

Депутат белгилегендей, бул кадам жаштар үчүн жеткиликтүү инфраструктураны түзүүгө жана имарат тартыштыгы сыяктуу курч маселелерди чечүүгө жардам берет.

“Натыйжада, өспүрүмдөрдүн спорт менен машыгуусуна жана кошумча билим алуусуна жакшы шарттар түзүлөт”, — деп белгиледи Болот Сагынаев.

18 Март 2026 жыл 13:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча