Үйүнө камалып калган 4 жашар бала куткарылды

Каракол шаарында үйүнө камалып калган 4 жашар бала куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда,  5-кабатындагы батирдин эшеги бекилип калган.

Куткаруучулар  үйдүн чатырынан түшүп, терезеси аркылуу кирип, бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Учурда наристенин абалы жакшы, жабыр тарткан эмес.

31 Октябрь 2023 жыл 9:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча