Бишкек шаарынын Широкая көчөсү, 5 дарегинде дөңгөлөктөр өрттөнүүдө, учурда өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Мындан сырткары, жерине ИИМден 40 кызматкер, РЭТтен 1 бригада иштеп жатат. Ошондой эле учурда өрт өчүрүүчүлөргө Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун адистери да жеринде иштешүүдө.
Маалыматка ылайык, кабат-кабат жыйылган дөңгөлөктөрдөн чыккан өрттүн үйлөргө жайылып кетүүсүн алдын алуу иштери жүрүп жатат, өчүрүү иштери уланууда.