Күйөөсү кулак, мурдун кескен аялга 8 саат операция жасалды

Саламаттыкты сактоо министрлиги күйөөсү тарабынан сабалып, бети кесилген жараат менен түшкөн бейтаптын абалы тууралуу BIA.KG сайтына маалымат берди.

«2023-жылдын 21-сентябрында эртең менен Сокулуктагы жалпы дарыгерлик практика борборунан которуу жолу менен Улуттук госпиталга жаткырылган бейтаптын операциядан кийинки абалы орточо оор деп бааланууда. Жалпысынан операция сегиз саатка жакын созулду»,-дейт мекеменин маалымат кызматынан.

Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнөн жаак-бет хирургия бөлүмүнө которулуп, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

21 Сентябрь 2023 жыл 9:55

Тема боюнча