Көк бөрү федерациясына жаңы президент шайланды

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясына Акылбек Эшимов президент болуп шайланды. Шайлоо 3-февралда Бишкекте федерациянын кезектеги жыйынында болду.

Федерациянын басма сөз кызматы билдиргендей жыйынга 74 делегат катышып, алар мурдагы президент Рамис Жунусалиевдин отчётун угушту жана өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алышты.

Акылбек Эшимов 2011-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

3 Февраль 2026 жыл 16:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча