Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда имараттын үчүнчү кабатынын бетон төшөө иштери аяктады.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3348,9 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу мектеп имараты салынат. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы менен ашкана, компьютердик класстар, жыйындар залы, эмгек класстары жана бардык шарттары каралган спорт залы болот.
Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча мындан тышкары дагы 19 мектеп курулуп, республикалык бюджеттен каржыланууда. Долбоор борбор калаадагы мектеп тартыштыгын жоюуга жана балдардын заманбап шартта билим алуусуна багытталган