Көңүл буруңуздар! 70 жаштагы Малика Айтматова изделүүдө

2024-жылдын 16-ноябрь   күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБге А.А, аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, ошол эле күнү Ош базарынын аймагынан саат болжол менен 14:50 чамасында  1954-жылы туулган апасы Айтматова Малика менен чогу жүрүп, жоготуп алганын билдирип, көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

​Кийген кийимдери: башында ак шарф, күрөң көйнөк, бутунда кара угги.

​Белгилери: бою болжол менен 165-170.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, эгер сиздер дайынсыз болуп жаткан Айтматова Малика тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, анда төмөнкү номурлар аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз: 0(312) 35-29-47, 0777 869 797 ошондой  эле кыска “102” номуруна. 

17 Ноябрь 2024 жыл 19:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча