Көлбаевдин 2 унаасы УКМК менен президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) таандык болгон эки автоунааны президенттин иш башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы чыккан Kia Rio X-Line үлгүсүндөгү 1 млн 150 миң сомдук машинеси УКМКга, 2017-жылы өндүрүштөн чыккан 25 млн 500 миң сомдук Mercedes-Benz S600 автоунаасы президенттин иш башкармалыгына берилди.

Андан тышкары Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган машинелеринин дагы төртөө — BMW Alpina XB7, Mercedes-Benz G500, Hyundai Genesis, Toyota Land Cruiser Prado аукционго коюлду.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

17 Январь 2024 жыл 16:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча