Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого шек саналып жаран кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу кирешелерин адалдоого көмөк көрсөткөн деген шек менен дагы бир адам (В.Р.Г.) кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган каражатты мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип, Камчы Көлбаевдин “Березка” мончо комплексин, “Барс”, “Каганат Резорт” эс алуу борборлорун, Чолпон-Ата шаарындагы “Ордо” соода комплексин жана “Сейил” шаарчасындагы коттедждерди курууга катышкан.

Ал 8-январда кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайында камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен айып тагылууда.

10 Январь 2024 жыл 10:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча