Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 67 мүчөсү кармалган

Кыргызстандын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуулуктун 166 субъектиси кармалып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 67 мүчөсү, Алмаз Бокушевдин 3 жана 96 башка кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалаган.

«Уюшкан кылмыштуу топтун кармалган мүчөлөрүнүн ичинен 12 соттолуучу кылмыш чөйрөсүндө «көзөмөлдөөчү» жана «авторитет» деген жогорку статуска ээ», — деп айтылат маалыматта.

17 Январь 2024 жыл 10:36

Тема боюнча