Көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызстанда 26-27-сентябрда күн кескин сууктап, көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, 27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет.

23 Сентябрь 2024 жыл 13:45

Тема боюнча