Күздө чач түшө баштаган учурда кандай кам көрүү керек?

Күндүн ачуу нуруна тие берген чачтар күзгө жуук жукарып, түшүп, өңүнөн кете баштайт. Андай чачтарды кантип калыбына келтирсе болорун Sputnik радиосуна трихолог Виктория Толстоносова айтып берди.

Ал кам көрүүгө витаминдердин комплексин колдонууну сунуштады.

«А, Е, D, C витаминдерин, B тобундагы витаминдерди жана микроэлементтерди, ошондой эле йод, цинк, селенди пайдалануу керек. Бул заттар коллагендин иштешин шарттап, чачты бекемдеп, калыңдатып, көлөм берет. Жаңы чачтар дагы пайдалуу микроэлементтердин арты менен чыгат», — деген Толстоносова.

Мындан сырткары, кургак жана жабыркаган чачтар үчүн азыктандырган жана жумшак кылган маскаларды колдонуу сунушталган.

«Ага арган майы, макадамия майы, алоэ, авокадо кирет. Алар чачтын структурасынын сапатын жакшыртат. Чачка кам көрүү процессинде фен, чач түздөгөн үтүктөрдү өтө ысытып колдонбош керек, аммиак боекторунан да баш тарта турган оң», — деген адис.

Ал эми блондинкаларга курамында сульфаты жок шампундарды колдонууну сунуштаган.

23 Сентябрь 2024 жыл 9:30

Тема боюнча