Кадамжайда кампалар жери менен мамлекетке кайтарылды

Кадамжай районунун Молдо-Нияз аймагындагы айыл чарба имараты жана башка кошумча курулуштар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2000-жылдары жалпы аянты 0,86 га түзгөн жер участогу айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо үчүн курулган кампалары менен кошо мыйзам талаптарына каршы келип, жеке тарапка тиешелүү иш-кагаздарысыз чыгарылып алынган.

Тергөө иш-чараларынын натыйжасында мыйзам бузуулар жоюлуп, жалпы аянты 0,86 га жер тилкесиндеги айыл чарба имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.

11 Февраль 2026 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча