Кайра шайлоо. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Ниязалиева жеңди

Бишкекте №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо аяктады.

Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган.

Аталган округда шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзсө, анын ичинен шайлоого 17 миң 423 адам катышкан. Шайлоодо жалпы 29 талапкер депутаттыкка ат салышты.

Автоматташтырылган башкаруу системасынын (АСУ) маалыматтары алдын ала болуп эсептелет. Бардык шайлоо участкаларында добуштарды кол менен эсептөө уланууда. Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде чыгарылат.

Эң көп добуш алган талапкерлер:

1. Ниязалиева Дамира Абаскановна 6 миң 242 добуш же 35,83%,

2. Сариев Улан Алмасбекович 2 миң 70 добуш же 11,88%,

3. Искаков Эртай Дүйшөбекович 1 миң 317 добуш же 7,56% .

29 Май 2023 жыл 10:13

Тема боюнча