Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Футбол уюмунун 19-февралдагы кезексиз конгрессинде Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды.

Шайлоо ачык өтүп, анын талапкерлирин 28 делегат бир добуштан колдоду. Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзун 2026-жылдын апрель айына чейин башкарат.

Футбол уюмунун жетекчилигине Камчыбек Ташиев жалгыз талапкер болду жана аны “Талант” футбол клубу көрсөткөн.

31-январда президент Садыр Жапаров атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болуу сунушун бергенин билдирген.

19 Февраль 2024 жыл 11:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча