Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек ара чырындагы атышуудан жаракат алган чек арачыга батир берди

Бүгүн, 2023-жылдын 19-октябрында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган чек ара кызматкери Таирбек Инхамовго Бишкек шаарында жайгашкан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

УКМК төрагасы Таирбек Инхамовдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи. Согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда, Таирбек Инхамов минометтун жарылуусунан жаракат алып, эки бутунан катуу жаракат алып, колун ок тешип өтүп кеткен, ошондой эле сол көзүнөн ажыраган. Учурда ал ата-энеси менен жашайт.

19 Октябрь 2023 жыл 16:25

Тема боюнча