Кантта кагаз чыгаруучу ишканадан чыккан өрттөн бир кытай жараны каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кант шаарындагы заводдун аймагында жайгашкан кагаз чыгаруучу «Милена» ЖЧКсында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 04:49дан тарта 4 күжүрмөн эсеп, 5 өрт өчүрүүчү жана 1 суу ташуучу унаа тартылган.
Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метрди түзөт.
Кошумча маалымат берилет.