Каныкей Аранова абактан чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Каныкей Аранованы 120 миң сом айып пулга жыгып, өзүн абактан чыгарды. Маалыматты Биринчи май райондук сотунун кеңсе кызматы «Азаттыкка» ырастап, Аранова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 330-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айыптуу деп табылды.

«Жыйынтыгында сот тарабынан дайындалган жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен 120 миң (жүз жыйырма миң) сом айып пул салынды. Ага карата тандалган камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылып, сот залынан камактан бошотулуп, эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды», — деп жазылган сот өкүмүндө.

Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова 1-февралда Москвадан кармалып, алып келгени кабарланган.

Каныкей Арановага Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери менен айып тагылган.

25 Апрель 2024 жыл 14:24

Тема боюнча