Кар көчкү түшүүсү күтүлөт

29-30-декабрь аралыгында Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255- чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 86-101-чакырымдарында жана Кызыл-Бел – Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

29 Декабрь 2023 жыл 10:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча