Кара-Балтадагы мал базар жабылды

Кара-Балта шаарындагы «Эркин» мал базары жабылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Министр Бакыт Төрөбаев облустардын, райондордун жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, малдан жугуучу оорулар, тамак-аш коопсуздугу сыяктуу чаралар боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Министрдин тапшырмасынын жана Ветеринардык кызматтын көрсөтмөсүнүн негизинде Жайыл районунун акими Кара-Балта шаарындагы «Эркин» мал базарын жаап салууга буйрук чыгарган.

Жергиликтүү бийлик бардык талапка жооп бере тургандай жаңы мал базар куруу үчүн жер бөлүп бергени кабарланды.

13 Январь 2024 жыл 18:09

Тема боюнча