Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата тыйын чыкты

Улуттук банк Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 20-августтан тартып “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Кара-Кыргыз автоном облусуна – 100 жыл” аттуу күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.

Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү менен байланышкан 1924-жылдагы тарыхый окуя кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра түзүлүшүн тастыктаган кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү дата болуп саналат. Кыргыз автоном облусу азыркы учурдагы эгемен мамлекеттин бардык атрибуттары менен иш жүзүндө Кыргызстанды түзүү үчүн саясий-укуктук негиз болгон.

“Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл” монетасынын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоо тоолорун чагылдырган “100” деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле “жыл” деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында Кыргызстандын улуттук символу – ак илбирстин сүрөтү, ошондой эле монетанын номиналы “10 сом” чагылдырылган. Жогору жагында Ала-Тоо тоолору түшүрүлгөн. Тыйынды тегерете “Кара-Кыргыз автономиялуу облусу/Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет” деген жазуу жайгашкан.

Монетанын арткы бетинде Ала-Тоо тоолорунда кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргызстандын герби бар. Монетанын оң жана сол тараптарында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики” жазуулары түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл – 2024, металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн.

Аталган тыйын Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сертификат менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.

Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 4 820 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.

20 Август 2024 жыл 12:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча