Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкан айылында 275 окуучуга ылайыкталган О. Курбанбаев атындагы №31 орто мектептин курулушу аяктап калды.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор 2015-жылдан бери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет. Объекттин тендердик баасы 155 млн сомду түзөт.
Жаңы мектепте заманбап окуу кабинеттери, дарыгердин кабинети, компьютердик класс жана спорттук зал каралган. Объекттин жалпы аянты 2 480 чарчы метр.
«Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштеринин 85 пайызы аткарылды. Мектепти быйылкы жылы пайдаланууга берүү пландалууда», — деп айтылат маалыматта.