Кара-Сууда автоунаа жардан кулап, төрт киши каза тапты

20-апрель күнү Кара-Суу районундагы Ынтымак айыл аймагындагы Ынтымак — Кызыл-Суу ички чарбалык жолунда Hyundai Accent үлгүсүндөгү унаа жардан кулап, Кочкор-Ата дарыясына түшүп кеткен.

Кырсыктан төрт киши каза болгон. Маркумдардын сөөктөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Өзгөн райондук бөлүмүнүн куткаруучулары суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Милиция автокырсыктын жагдайларын иликтеп жатканы кабарланды.

Аймактык кабарчыбыздын маалыматына караганда, каза болгондор Кара-Суу районунун тургундары.

Маалыматты жергиликтүү кеңештин депутаты «Азаттыкка» тастыктады. Анын сөзүнө караганда, каза болгон кишилер Кара-Суу районунун Ак-Терек, Жаңы-Арык, Таш-Арык жана Ынтымак айылдарынын башчылары болгон.

21 Апрель 2026 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча