Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына маршруттук каттам иштеп баштайт

Борбордогу “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынан, ушул жылдын 10-апрелинен тарта Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына байма-бай эмес (нерегулярный) тартипте маршруттук каттам иштеп баштайт.

Каттамды тейлөө үчүн 10 даана кичи маршруттук унаа даярдалды. Алар күн сайын 12:00дөн тарта “Бишкек автобекетинен” чыгышат. Жол кире акысы төмөндөгүдөй бекитилген:

Бишкек – Каракол – 450 сом;

Бишкек – Бостери – 350 сом;

Бишкек – Балыкчы – 300 сом.

Республиканын аймагында автоунаа транспорту менен жүргүнчү ташууну уюштуруунун эрежесине ылайык, байма-бай эмес ташуулар (буйрутма, атайын, туристтик-экскурсиялык, коммерциялык) болуп бекитилген.

Маалымат үчүн: “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы Алмата көчөсү менен шаарды айланып өткөн чоң жолдун кесилишинде жайгашкан.

11 Апрель 2024 жыл 9:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча