Караколдо лыжа буюмдарын ижарага берген жайдан өрт чыкты

Каракол шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан лыжа буюмдарын ижарага берген жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тилсиз жоо тууралуу билдирүү саат 12:12де түшкөн. Жерине эки күжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 13:03тө толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар жок.

6 Февраль 2024 жыл 16:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча