Караколдо стадиондун жанындагы чуңкурдан окуучунун сөөгү табылды

Караколдо дайынсыз болуп жаткан мектеп окуучусунун жансыз денеси табылды.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматы боюнча, 30-октябрда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, 13 жаштагы баласы эртең менен мектепке кетип, кийин үйүнө келбей калганын билдирген.

Маалымат каттоого алынып, дайынсыз жоголгон окуучуну издөө иштери башталган.

Кийинчерээк жергиликтүү тургундар шаардык стадиондун жанындагы 4 метр тереңдиктеги чуңкурдан баланын жансыз денеси табылганын маалымдашкан. Маркум дайынсыз жоголгон издөөдө жүргөн жашы жете элек бала экен.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

31 Октябрь 2023 жыл 11:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча