Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 23-июнда Бишкектеги “Караван” соода борборунда үч жаштагы кыздын буту эскалаторго кыпчылып калганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.
Окуя болгон жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынан беш куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен кыздын бутун чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Кыздын буту эскалаторго эмне болуп кыпчылып калганы тууралуу “Караван” соода борбору азырынча комментарий бере элек.