1-июндан тартып «Газпром Кыргызстан» компаниясы керектелген жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерине көгүлтүр отту берүүнү убактылуу токтотот.
Ишканадан билдиришкендей, келишимге ылайык, газды кайра кошуу карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин 3 иш күндүн ичинде жана акы төлөнүүчү негизде (кошумча чыгым менен) жүргүзүлөт.
Мындан улам, компания абоненттерди 1-июнга чейин карыздарын төлөөгө чакырат.
Карызды ай сайын келүүчү эсеп-дүмүрчөктөн, gazprom.kg сайтындагы жеке кабинеттен жана «Газпром Кыргызстан» же «Мой Дом» мобилдик тиркемелеринен билсе болот.
Газ үчүн төлөмдөрдү компаниянын филиалдарынан, банктардын тиркемелеринен жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүүгө мүмкүн.