Каржы пирамидасына байланыштуу 40 адам жоопко тартылды

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 2023-жылы каржы пирамидаларына байланыштуу 358 кылмыш иши козголуп, анын 217си сотко жиберилгенин билдирди. 98 кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш иштеринин көбү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында козголгон. Калганы Чүй, Баткен жана Талас облустарында катталган.

Жабырлануучулар 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон көп деп эсептелген. Бул фактылар боюнча 40 адам жоопко тартылган.

Кыргызстанда каржы пирамидасынан жабыркагандар соңку жылдары көбөйүүдө. Укук коргоо органдары анын башында турган саналуу гана адамдар киреше табарын, калгандарында андай мүмкүнчүлүк болбой турганын, бул кадимки алдамчылык экенин эскертишет. Элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылган каржы пирамидаларына алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экени тууралуу маалымат тараткан.

17 Январь 2024 жыл 16:06

Тема боюнча