
Катар улуттук курамасы эртеңки оюн үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Кыргызстан — Катар беттеши эртең, 25-мартта саат 19:45те Бишкектин Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.
Оюн 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо раундунун алкагында болот.
Азиянын учурдагы чемпиону — Катар курамасы Бишкекке, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында өтө турган Кыргызстан-Катар беттешине катышуу үчүн келишти.
Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти Дастанбек Конокбаев жетектеген КФБнын делегациясы Катар курамасынын оюнчуларына жана машыктыруучу штабынын өкүлдөрүнө ак калпак кийгизип, белектерди тапшырып, жылуу тосуп алышты.
Эске салсак, 20-мартта Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстан футбол командалары беттешип, оюн өзбек футболчуларынын жеңиши менен аяктаган.